Өзүм менен өзүм сүйлөшүп калгам. Блогерликке ыктаган Айнура Сагынбаева менен маек
RU

Өзүм менен өзүм сүйлөшүп калгам. Блогерликке ыктаган Айнура Сагынбаева менен маек

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жеке ишкер Айнура Сагынбаева акыркы убакта блогерликке ыктап, айымдарга кеп-кеңештерди берүү менен алектенүүдө. Анын блогер болуусуна эмне түрткү болгонунун айланасында Kaktus.kg сайты маектешти.

Өзүм менен өзүм сүйлөшүп калгам

Алгач косметолог болдум, кийин эстетикалык клиниканы негиздеп ишкер айым болуп, кардарларды кабыл албай калдым. Жашоодо ар кандай нерселер болот экен. Мен блогерликке чейин унаа айдап бара жатканда өзүм менен өзүм сүйлөшүп калгам. Адамдар менен болгон мамиледе бир жыйынтыктарды чыгарып, билимге, тажрыйбага толот экенсиң. Анан ичиңдеги нерсе менен бөлүшкүң келет экен. Мен да чын эле бөлүшкүм келди.

Косметология кызыксыз болуп баштады

Косметология деген кичинекей эле тема да, мага кызыксыз болуп баштады. Анан аялдын жан дүйнөсүн казып баштадым. Менин үй-бүлөмдө де ошондой эле көйгөйлөр болгон, күйөөм көңүл бурбай, түшүнбөй калган. Ошондо өзүмдү колго алдым, пластикалык операцияларды жасаттым. Болду эми баары мени сүйүп, күйүп калышат деп ойлодум. Бирок андай болгон жок. Эмнеге жыйынтык жок деп жан дүйнөмдү казып баштадым. Көрсө маселе менин ичимде жатыптыр. Азыр айымдарга ушул багытта курстарды ачтым. Менин курстарымды чет өлкөдө жашаган кыргыз айымдары биринчилерден болуп окушту. Азыр аймактарга тарады. "Сиздин курсуңуздан кийин ажырашпай токтоп калдым, көрсө менде экен" дегендер бар, айрымдары сүрөттөрүн жиберип "өмүрү жылуу сөзүн айтпаган жолдошум акча берди, бриллиант берди" дешет. Айылдагы келиндер "балмуздак, шире сатып берди" деп сүрөттөрүн жибергенде ыйлагым келет.

Сынды жыргагандар жазбайт

Мен бир жакка барганда адамдардын кабыл алуусуна көңүл бурам. Андай жерден ыраазычылыгын айтышат. Ал эми жазылган сын-пикирлерди такыр окубайм. Кээде жакшы комментарийлерди гана окуп коём. Сындагандарды туура түшүнөм, аларды ошоедой кабыл алам. Анткени алар жыргаганынан жазышпайт.

Жолдошум нормалдуу психика менен чоңойгон эркек

Жолдошум бардар үй-бүлөдө чоңоюп, тарбияланган. Ошондуктан анда "эл эмне дейт?", "мындан ашам", "меники", "мындай болуш керек" деген нерсе жок. Нормалдуу психика менен чоңойгон эркек. 100 пайыз өзүнө ишенген эркек. Ким, эмне десе да ага баары бир. Жолдошум мамлекеттик жумушта иштебейт, жеке ишкер, эркин адам. Анан албетте "аялың сулуу экен" десе ага да жагат. "Мындай кийинип жүрөт, тигиндей жүрөт" деген сөздөргө көңүл бурбайт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8208