Чүйдө 26 жаштагы кыз таанышын зордуктоого айыптады
RU

Чүйдө 26 жаштагы кыз таанышын зордуктоого айыптады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чүйдө 26 жаштагы кыз таанышы зордуктап койгонун айтып милицияга кайрылды. Бул туурасында облустук ички иштер башкы башкармалыгынан кабарлашты.

Маалым болгондой, 26 жаштагы А.М. аттуу кыз 4-сентябрда Москва РИИБине кайрылган. Анда 3-сентябрда саат 22:30 чамасында Н. аттуу таанышы Ак-Суу кирпич заводунда күч колдонуп, эркине каршы зордуктаганын айткан. Бул факты "зордуктоо" беренеси менен каттоого алынып, кылмыш иши башталган.

Тергөө иштеринин алкагында шектүү катары 1985-жылы туулган М.Н.У. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Азыркы тапта тергөө амалдары улантылууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8213