KICB банкы "Элсом" тиркемеси качан иштей турганын айтып бере алган жок
RU

KICB банкы "Элсом" тиркемеси качан иштей турганын айтып бере алган жок

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз инвестициялык банк (KICB) качантан баштап "Элсом" платформасы толук кандуу иштей баштайт, деген суроого жооп бере алган жок.

Эске салсак, KICB 12-13-февралда платформанын масштабдуу жаңылануусу тууралуу жарыя кылган. Банктын пикири боюнча бул, "Элсомдун" функцияоналдык мүмкүнчүлүктөрүн кыйла жакшыртмак.

Бирок, бир нече күндөн кийин, тиркеменин колдонуучулары платформанын начар иштөөсүнө нааразычылыктарын билдире башташткан. Негизгиси, акчаны накталай ала албагандык, башка эсепке которо албагандык жана терминал аркылуу эсепти толуктай албагандык. Бүгүнкү күнгө чейин жогоруда аталган операцияларды банктын кызмткерисиз ишке ашырууга мүмкүн эмес.

Агенттик капчыктан накталай акча чыгарып алуу мүмкүн эмес - филиалдардын бардыгында кезек күткөн кишилер. Операторлордун бардыгында электрондук капчык бар, 1 саат кезек күтүп, операторго кайрылсаң (оператордо элсомдун номери бар), алар тейлөөдөн баш тартып жатышат. Башка жолдор менен акчаны чыгарып алуу мүмкүн эмес. KICB ушул көйгөйгө көңүл буруп койгула! (тиркемедеги техникалык мүчүлүштүктөр боюнча унчукпай эле коеюн)

Kaktus.media банкка кайрылып, кырдаалга комментарий берүүнү суранды. Операциялык бөлүмдүн жетекчиси качантан баштап "Элсом" кадимкидей иштей баштайт, деген суроого так күнүн билбей турганын айтты. Анын айтымында, "Элсом" эки-үч күндүн ичинде системаны оңдойбуз деп убада беришкен, бирок бир нерсеси болбой жатат окшойт.

"Биз бардыгын түшүнүп турабыз. Колдонуучуларга ыңгайсыз экенин билебиз, өзүбүздө да ыңгайсыздыктар жаралып жатат. Бирок, качан иштей турганын так айта албайм. Бир жумада чечилет болуш керек", - деди ал.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/821