Бишкекте аз камсыз болгон үй-бүлөлөр 100 миң сомдон кайтарымсыз акча алышат
RU

Бишкекте аз камсыз болгон үй-бүлөлөр 100 миң сомдон кайтарымсыз акча алышат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек шаарында аз камсыз болгон 350 үй-бүлө мамлекеттен кайтарымсыз 100 миң сомдон алышат. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, контракт түзүүгө укук алган жарандарга 100 миң сомго сертификаттар тапшырылды.

Буга чейин министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 292 миллион сом бөлүп, респулика боюнча жалпысынан 2800 үй-бүлө менен социалдык келишимдерди түзүү жөнүндө токтомго кол койгон. Анда Бишкек шаарындагы 350 үй-бүлөгө 35 миллион сом бөлүндү, бүгүнкү күндө 60тан ашык үй-бүлө сертификатка ээ болду.

Социалдык контракт - бул аз камсыз болгон үй-бүлөлөр менен мамлекеттин ортосундагы келишим. Ага ылайык, аярлуу үй-бүлөлөр каржылык сабаттуулукка үйрөнүп, бизнес-планды иштеп чыгууга жардам берет. Ошондой эле кесиптик же айыл чарба билимин, социалдык кызматтарды жана узак мөөнөттүү бизнести ийгиликтүү жүргүзүү үчүн насаатчылыкты камтыган комплекстүү колдоо пакети менен бирге киреше алып келүүчү иш-аракеттерди баштоо үчүн акчалай грант алышат.

Долбоор жакырчылыктын улуттук чегинен тышкары жашаган үй чарбаларына багытталган, бизнес идеялары, баштапкы активдери жана мал чарбачылыгы, сүт азыктарын сатуу, тигүү кызматтары, күнөсканалар жана башка демилгелер сыяктуу сунушталган иш-чаралар үчүн негизги билимдери бардарга берилет. Айрым учурларда социалдык келишимдер жергиликтүү бизнес жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн туруктуу жумуш мүмкүнчүлүктөрүн түзгөн ишкерлер менен биргеликте ишке ашырылат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8245