Дене чирип баштаган. Чүйдө эркек кишинин жансыз денеси табылды
RU

Дене чирип баштаган. Чүйдө эркек кишинин жансыз денеси табылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чүйдө жансыз денеси табылган эркек кишинин жакындары изделет. Облустук ички иштер башкы башкармалыгынан маркумду аныктоого жана жакындарын табууга коомчулуктан жардам сурайт.

Маалыматка ылайык, 2-сентябрда Сокулук айылындагы Фрунзе көчөсүнөн 35-40 жаш чамасындагы эркек кишинин жансыз денеси табылган. Маркумдун денеси чирип баштаган. Учурда анын аты-жөнү тактала элек.

Белгилери: бою 190 сантиметр, орто дене түзүлүштө, чачтары сары жана кыска. Чолок шым, кара спорттук бут кийим, мойнунда чынжырчасы болгон.

Маркум тууралуу кимде-ким маалымат билсе, (0312) 45-33-80, 0708 89-00-23 номерлерине байланышып коюуну милиция өтүнөт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8254