Кыргызстанда чогултулган Kunan Taitoru спорттук унаасы элдин назарына коюлду
RU

Кыргызстанда чогултулган Kunan Taitoru спорттук унаасы элдин назарына коюлду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте Кыргызстанда чогултулган ата мекендик спорттук унаанын бет ачары болуп, элдин назарына коюлду. Спорттук унаа Kunan Taitoru деп аталат.

Унааны иштеп чыгуучулардын бири Медер Койлубаевдин айтымында, унаа ар кандай тетиктерди колдонуу менен колдо менен чогултулган. Кубаттуулугу 300 аттын күчүнө барабар болгон Subaru Legacy кыймылдаткычы колдонулган. Ал эми корпусту чогултууда көмүртек буласы жана плексигласс колдонулган.

Спорттук унаанын аталышында жылкы баласы, тагыраагы, кунан жана "Манас" эпосундагы эң күлүк тулпар Тайторунун аты колдонулган.

Темир тулпарды иштеп чыгуу жана чогултуу алты жылга созулуп, аны ишке ашырууда сегиз адам иштеген. Койлубаев спорттук унааны чогултууга кеткен каражатты ачыктаган жок. Ал ошондой эле унааны сатуу ниети жок экенин кошумчалады.

Койлубаевдин айтымында, темир тулпар азырынча "Унаа" мамлекеттик ишканасына каттала элек, анткени бюрократиялык кыйынчылыктар жаралган - мурда эч ким үйдөн жасалган унааларды каттаган эмес.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8265