10 жаштагы Нурмухаммад Ташмаматов нунчак менен бир мүнөттө 49 топту кайтарып рекорд койду
3825
Кыргызстандык Нурмухаммад пинг-понг тобун нунчак менен кайтарып чаап жаңы рекорд койду.
Мекендешибиз россиялык Биринчи каналдын "Я почти знаменит" шоусуна катышып, бир мүнөттө нунчак менен 49 пинг-понгтун тобун кайтарды.
Ал койгон рекордду "Интеррекорд" Эл аралык агенттиги расмий түрдө каттоого алды.
Эске салсак, Нурмухаммад Ташмаматов 6 жашында Максим Галкиндин "Лучше всех" шоусуна катышып, көрүүчүлөрдүн сүймөнчүгү болгон. Ал Жалал-Абаддан болгондугун айтып, келечекте Брюс Ли же Жеки Чанга окшоп киноактер болууну самай тургандыгын билдирген.
Батыш мушташына спортчу Алишер Сыдыков машыктырат, ал эми нунчакты ээлөөгө атасы Асылбек Урмонов үйрөткөн.
slide 2 of 9
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/826