Кыргызстан алтын өндүрүү боюнча канчанчы орунда турат. Алдыңкы өлкөлөр кайсылар. Рейтинг
RU

Кыргызстан алтын өндүрүү боюнча канчанчы орунда турат. Алдыңкы өлкөлөр кайсылар. Рейтинг

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Садыр Жапаровдун агасынын алтын менен түшкөн сүрөтү, Кумтөр маселеси, алтынды иштетүү тууралуу ар кандай талкуулар жүрүп жатат. Негизи эле алтындын манилүүлүгү жана Кыргызстан дүйнөлүк рейтингде канчанчы орунда турганын карап көрөлү.

Алтын эмнеге колдонулат

Карапайым калк алтынды зергерчилик түрүндө гана жолуктурганы менен бул металл инвестициялык максатта, өнөр жайда, мамлекеттин финансылык резервдерин түзүү үчүн да колдонулат.

Мисалы, 2020-жылы дүйнөдө зер буюмдарын өндүрүү үчүн колдонулган алтындын үлүшү (1401 тоннага) кескин кыскарган. Ошондой эле өлкөлөрдүн борбордук банктары тарабынан баалуу металлды сатып алуу да азайды (255 тоннага). Анткен менен инвестициялык максатта (1773 тонна) көбөйгөн. Ал эми техникалык максатта колдонулган алтындын үлүшү дээрлик өзгөрүүсүз калууда (300-330 тонна).

Алтын өндүрүү боюнча Кытай, Россия жана Австралия дүйнөнүн алдыңкы үч өлкөсүнө кирет. 2020-жылга карата бул үчөө эң алдыңкылар боюнча калган. Бирок, калган алдыңкы ондуктта абдан чоң өзгөрүүлөр болду.

Мисалы Африка алтын өндүрүүчүлөрдүн ондугунан чыкты. Бир кезде бул өлкө алтын казуу боюнча дүйнөдө лидер болгон.

Алтын казып алуу боюнча дүйнөдөгү өлкөлөрдүн рейтинги

(Бүткүл дүйнөлүк алтын кеңешинин (WGC) 2020 маалыматы боюнча)

СтранаАлтын казып алуунун көлөмү, тонна менен
1Китай368.3
2Россия331.1
3Австралия327.8
4США327.8
5Канада190.2
6Гана170.6
7Бразилия138.7
8Узбекистан107.0
9Мексика100.6
10Индонезия100.9
11ЮАР99.2
12Перу97.8
13Мали93.8
14Буркина Фасо93.4
15Судан83.8
16Казахстан78.4
17Конго60.9
18Гвинея56.9
19Колумбия53.6
20Папуа Новая Гвинея53.1
21Танзания45.9
22Турция42.0
23Кот-д'Ивуар41.9
24Зимбабве40.9
25Аргентина36.7
26Венесуэла33.4
27Чили32.1
28Суринам29
29Доминиканская Республика28
30Филиппины25
31Киргизия24
32Монголия20
33Гайана18
34Сенегал15
35Мавритания15
36Египет14
37Эквадор13
38Иран10
39Эфиопия10
40Никарагуа8

Дүйнөлүк алтын кеңешинин (WGC) маалыматы боюнча ошентип Кыргызстан алдыңкы кыркка кирет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8272