Ошто 1 жаштагы наристе сабалды. Бакчанын директору аны жогорку тайпадагы кыз урганын айтат
RU

Ошто 1 жаштагы наристе сабалды. Бакчанын директору аны жогорку тайпадагы кыз урганын айтат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ошто 1 жаштагы наристе катуу сабалып, ооруканага түштү. Ош ШИИБден кабарлашкандай, окуя 5-сентябрда жеке менчик бала бакчада катталган.

6-сентябрда Ош облустар аралык балдар ооруканасына 2021-жылы туулган бала денесинен жаракат алып түшкөн. Белгилүү болгондой, ал "Карагат" аталыштагы менчик балдар бакчасынын тарбиялануучсу. Милицияга түшкөн маалыматтын негизинде текшерүү иштери башталган.

Тергөөнүн жүрүшүндө денесинен жаракат алган баланын апасы (27 жашта) күбө катары сурак берген. Анда баласы эки айдан бери жогоруда аталган балдар бакчасында тарбияланып жаткандыгын жана 5-сентябрь күнү саат 17:00 чамасында аны алып кетүү үчүн барганда, баласынын денесинде көк ала тактарды көргөнүн айткан.

Окуя боюнча бала бакчанын директору (28 жашта) 5-сентябрь күнү саат 16:00 чамасында баланы орто тайпада окуган кыз уруп койгонун айткан. Андан тышкары окуянын видеотасмасы алынган жана аталган балдар бакчада эмгектенген кызматкерлери күбө катары суралды. Азыркы учурда 2021-жылы туулган балага карата соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, бардык тергөө аракеттери жүргүзүлүп жатканы маалым болду.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8297