Отургуч жетпей калганбы? Ошто 4 кыздын жерге тизе таяп комуз черткен сүрөтү талкууда
RU

Отургуч жетпей калганбы? Ошто 4 кыздын жерге тизе таяп комуз черткен сүрөтү талкууда

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ошто комуз күнүнө карата иш-чарадагы сүрөт талкууга алынып, уюштуруучуларга карата сын-пикирлер айтылды. Интернетке жарыяланган сүрөттөн бир нече катарга тизилген отургучта комузчулар отурганын, алардын артында төрт кыздын жерге тизе таяп отуруп комуз черткенин көрүүгө болот.

Ош шаардык маданият башкармалыгынан комуз күнүнө карата арналган иш-чарада 150 комузчу "Маш ботой" күүсүн чертишкенин кабарлашты. Ал эми жерге тизе таяп отуруп комуз черткен кыздар өздөрү кошулган дешет.

"Музыкалык окуу жайлардан гана комузчулар чакырылып, адам санына жараша отургучтар коюлган. Бул кыздар өздөрү келип кошулган жана аларга ушул жерге отуруп комуз черткиле деп эч ким айткан эмес", - дейт шаардык маданият башкармалыгынан Перизат Исакбаева.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8298