Баткендеги 14 жаштагы кыздын өлүмү: Дагы бир шектүү кармалды
RU

Баткендеги 14 жаштагы кыздын өлүмү: Дагы бир шектүү кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Баткен облусунун Кадамжай районунда 14 жаштагы кыздын өлүмүнө шектелип дагы бир жаран кармалды. Ал өспүрүм экенин облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, 8-сентябрда жашы жете элек кыздын өлтүрүлүшү боюнча кылмыш ишинин алкагында суракка Кадамжай районунун жашоочусу (жашы жете элек) чакырылган. Ал мыйзамдуу өкүлүнүн жана социалдык педагогдун катышуусунда суракка алынган.

Тергөө амалдарынын жыйынтыгы менен суракка алынган өспүрүм бала өзгөчө оор кылмыш жасоого шектелип кармалды. Учурда ал убактылуу кармоочу жайда. 9-сентябрь күнү Кадамжай райондук соту өспүрүмдү эки айга камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасын тандады.

Эске салсак, 14 жаштагы кыздын жансыз денеси 4-сентябрда табылган. Анын өлүмүнө шектелип 27, 25, 24 жаштагы жарандар кармалганы маалым болгон.

Каза болгон окуучу бир үй-бүлөнүн жалгыз кызы экени, анын сөөгү 5-сентябрда жерге берилгени кабарланган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8299