Ысык-Атада 40 жаштагы киши аялын сабап өлтүргөнгө шектелүүдө
RU

Ысык-Атада 40 жаштагы киши аялын сабап өлтүргөнгө шектелүүдө

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ысык-Ата районунда аялын өлтүргөнгө шектүү жаран кармалды. Чүй ОИИББдин маалымат кызматынан кабарлашкандай, шектүү мас абалда болуп аялын сабаган.

Маалым болгондой, 11-сентябрь күнү аймактык оорукананын жандандыруу бөлүмүнө 1989-жылы туулган С.З. аттуу келин түшүп, жаракаттын оордугунан улам каза болгон. Бул тууралуу милицияга кабар берилип, окуя боюнча 122-берене (Адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн тергөө амалдардын натыйжасында окуянын чоо-жайы такталган. Анда каза болгон келиндин 40 жаштагы К.М. аттуу күйөөсү арак ичип олтуруп, уруш чыгарып аялын сабаганы белгилүү болгон. Учурда шектүү кармалып убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө уланып жатканы маалым болду.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8339