Спорт залда асынып алган кыз тууралуу Социалдык өнүктүрүү башкармлыгы айтып берди
RU

Спорт залда асынып алган кыз тууралуу Социалдык өнүктүрүү башкармлыгы айтып берди

Все самое интересное в Telegram

Сокулук районунун социалдык өнүктүрүү башкармалыгы спорт залда асынып алган кыз тууралуу айтып беришти. Бул тууралуу Kaktus.media'га райондук башкармалык билдирген.

Башкармалык берген маалыматка ылайык, өспүрүм кыздын үй-бүлөсү начар турган үй-бүлөлөрдүн катарына кирчү эмес. Анын ата-энеси ажырашып кетишкен, ал иниси экөө таенесинин колунда болушчу.

"Өспүрүм кыздын ата-энеси ажырашып кетишкен, алардын башка үй-бүлөлөрү бар. Ал эми кыз, иниси экөө таенесинин колунда турушчу. Апасы алыс эмес жерде жашайт, ошондуктан күн-алыс балдарынан кабар алып турчу экен. Үй-бүлөнүн материалдык абалы орто, учетто турган эмес. Мугалимдердин айтымында да, ал ачык-айрым, активдүү окуучу болчу. Ар дайым жакшы окучу, таэквондо менен машыгып, ыр жазчу. Бир ирээт ырлар сынагында байгелүү орун алган. Болгон окуя бардыгы үчүн шок болду. Эч ким кыздын жүрүм-турумунда өзгөчөлүктөрдү байкаган эмес. Социалдык башкармалык үй-бүлөнү көзөмөлгө алып, үй-бүлө мүчөлөрү менен психолог иш алып барат", - деп башкармалык айтып берди.

Эске салсак, 23-февралда Сокулук районундагы мектеп спорт залында асынып алган кыздын денеси табылган. Алдын ала берилген маалыматтар боюнча өспүрүм кыз өз өмүрүнө кол салган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/834