Жети-Өгүздө бөтөлкөлөштөр уруша кетип, бирөө эсине келбей каза болду
RU

Жети-Өгүздө бөтөлкөлөштөр уруша кетип, бирөө эсине келбей каза болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ысык-Көлдө бөтөлкөлөшүн өлтүргөнгө шектелип 31 жаштагы жаран кармалды. Бул туурасында облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.

Мекеменин маалыматына караганда, 10-сентябрда Жети-Өгүз РИИБне райондук ооруканадан билдирүү түшкөн. Анда ошол эле күнү болжол менен саат 04:25 чамасында Даркан айылынын 45 жаштагы А.Б. аттуу тургуну денесинен оор жаракат алып, эс-учу жок абалда ооруканага түшкөнү маалымдалган.

Ыкчам тергөө тобу териштирүү жүргүзүп, Даркан айылынын 31 жаштагы тургуну С.К. жана жабырлануучу спирт ичимдигин ичип, түнкү саат 02:00 чамасында өз ара пикир келишпестиктен улам уруша кетишкенин аныкташкан. Анын кесепетинен А.Б. эс-учун жоготуп, көчөдө жатып калган. Күбөлөр "Тез жардам" кызматын чакырышып, райондук ооруканага жеткиришкен. Бир күндөн кийин жабырлануучу алган жаракатынан улам эсине келбей каза болгон.

Аталган факты 130-берененин (Ден соолукка оор залал келтирүү) негизинде каттоого алынып, кылмыш иши козголгон. Шектүү 2 айга камакка алынып, тергөө амалдары уланууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8362