Баткендеги ок атышууда 31 жана 21 жаштагы жергиликтүү тургундар жабыркады
RU

Баткендеги ок атышууда 31 жана 21 жаштагы жергиликтүү тургундар жабыркады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Баткен облусунун Самаркендек аймагындагы ок атышуудан дагы эки адам жабыркады. Алар жергиликтүү тургундар дешет Чек ара кызматынан.

Белгилүү болгондой, жабыркагандардын бири 31 жаштагы И. кызы Б. октон жаракат алган, ок ич көңдөйүнө кирип кеткен. Абалы өтө оор, тез арада операция жасалат. Ал эми 21 жаштагы Г. уулу Б. башынан жаракат алып, абалы орто оор деп бааланууда. Жабыркаган жарандар Лейлек райондук ооруканасында.

"Тажик тараптан ок аткандар кара кийимчен, эч кандай белгиси жок сакалчан экени өзгөчө тынчсызданууну жаратууда. Ошол эле учурда аткычтар гранатомётторду, миномётторду жана ок атуучу куралдарды колдонушууда", - деп айтылат маалыматта.

Саат 18:00гө карата чек ара тилкелериндеги абал чыңалуу бойдон калууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8378