9-марттан тартып дагы үч класс окуй баштайт. Бакчалардын эки группасы да иштейт
RU

9-марттан тартып дагы үч класс окуй баштайт. Бакчалардын эки группасы да иштейт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Мэрияда шаардык эпидемиологиялык кызматтын кезектеги жыйыны өтүп, анда баштапкы класстарды толугу менен офлайнга өткөрүү чечими кабыл алынды.

Эпидемиологиялык кырдаалды жана балдар арасындагы ооруп калуу тенденциясын эске алуу менен коопсуз окуу процессин жөнгө салуу максатында чечим кабыл алынды:

- Бишкек шаарында жалпыга билим берүү мекемелеринде 2,3,4-класстын окуучулары үчүн 2021-жылдын 9-мартынан тартып санитардык эпидемиологиялык эрежелерди эске алуу менен окуу процесси жандандырылсын. Сабактардын узактыгы 45 мүнөттөн болуп, класс топторго бөлүштүрүлбөйт.

Ошондой эле 9-марттан баштап, борбордук бакчалар да даярдоочу жана чоң группаларга барган балдар, анын ичинде бир ата-эне тарабынан тарбияланып жаткан балдар үчүн ишин жандандыруусу зарыл. Подгруппадагы балдардын саны 10дон ашпоого тийиш.

Урматтуу балдар, ата-энелер, чоң ата-апалар, таята-таенелер! Пандемия шартында тиешелүү чаралардын бардыгын сактоого чакырабыз! Маска тагынуу жана антисептик колдонуу милдеттүү! Иммунитетиңерди бекемдеп, спорт менен машыккыла. Өзүңөргө жана балдарыңызга сак болгула!

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/837