Чек ара кызматы: Кыргыз-Тажик чек арасынын бардык жагында ок атышуу болуп жатат
RU

Чек ара кызматы: Кыргыз-Тажик чек арасынын бардык жагында ок атышуу болуп жатат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Баткенде Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек арасынын бардык жагында куралдуу кагылышуулар болуп жатат. Бул туурасында УКМКнын Чек ара кызматынан билдирет.

Мекеменин билдирүүсүнө ылайык, кыргыз-тажик чек ара тилкесинде абал чыңалуу бойдон сакталууда.

"Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын бардык периметри боюнча куралдуу кагылышуулар болуп жатат. Бул багытта турган Чек ара кызматынын аскер кызматкерлери жооп иретинде ок атууда", - дешет Чек ара кызматынан.

Белгилей кетсек, бүгүн, 16-сентябрда саат 06:00дө Тажикстан Баткен районунун Эки-Таш участкасына ок чыгарып, башка айылдарга да өттү. Кыргызстандын Чек ара кызматынан тажик тарап мурда жетишилген бардык макулдашууларды бузуп, чыккынчылык менен ]кол салганын белгиледи.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8402