Бишкекте 1,5 миллион гүл тигилет. Мэрия даярдалып жаткан гүлдөрдүн көчөттөрүн көрсөттү
RU

Бишкекте 1,5 миллион гүл тигилет. Мэрия даярдалып жаткан гүлдөрдүн көчөттөрүн көрсөттү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектин мэриясы "Бишкекзеленхоз" муниципалдык мекеменин №1 оранжериеясынын иши тууралуу айтып берди.

"Быйыл бир жылдык гүлдүн 400 миң уругу тигилген, азыр алар өнө башташты. Бир аздан кийин көчөттөр стакандарга көчүрүлөт. Бул гүлдөрдүн тамыр системасын жабыркатып албоо үчүн жасалат, анткени күн жылыгында алар сыртка, тигиле байштайт",- деп билдирүүдө жазылган.

Андан кийин гүлдөр мекеменин күнөсканаларында өстүрүлөт.

Мэрия берген маалыматка ылайык, быйыл 1,5 милн гүл шаардык төрт районуна тигилет. Бишкектеги клумбаларды сальвия, катарантус, тагетис, цинния, георгиндер, агератум, алиссум жана башка сорттор көркөмдөп турат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/840