"Сөөгүн жерге бердик, көп жаракат алыптыр". Чек арада каза болгон 15 жаштагы кыздын агасы
RU

"Сөөгүн жерге бердик, көп жаракат алыптыр". Чек арада каза болгон 15 жаштагы кыздын агасы

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чек арада тажик тарап аткан снаряддын сыныгынан каза болгон 15 жаштагы кыздын сөөгү жерге берилди. Бул тууралуу кыздын атасынын бир тууганы Kaktus.kg сайтына билдирди.

"Кызды жерге берип келдик. Башы, көкүрөгү, буттарына чейин жаракат алган. Ал Маргун айылын көздөй качып бараткан жеринен каза болуптур. Мен башка эч нерсе айтып бере албайм, өзүмө келе албай жатам", - дейт ал.

Маркум кыз Лейлек районундагы Достук айылынын "Достук" орто мектебинин 9-классынын окуучусу болгон.

Эскерте кетсек, учурда жабыркагандардын саны 42. Алардын бешөө Бишкекке жиберилген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8425