УКМК Камчыбек Ташиев барымтага алынды деген маалымат калп экенин кабарлады
RU

УКМК Камчыбек Ташиев барымтага алынды деген маалымат калп экенин кабарлады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Камчыбек Ташиев Баткен облусунун аймагында кырдаалды жөнгө салуу боюнча тиешелүү органдардын жана түзүмдөрдүн ишин координациялоону улантып жатканын билдирет.

Комитеттен белгилешкендей, социалдык тармактарда "Ташиев барымтага алынды, кол алдындагылар аны ушул жылдын 16-сентябрынан кийин көрүшкөн жок" деген билдирүүлөр чындыкка коошпойт жана карандай калп.

Камчыбек Ташиев 16-сентябрда кечинде Баткен облустук штабында коомчулукка кайрылуу жасаганын баары көрдү. Кыргыз Республикасындагы кырдаалды туруксуз абалга жеткирип, аймактык бүтүндүктү жана эгемендикти бузууга кызыкдар тышкы күчтөр тарабынан жигердүү таркатылып жаткан ар кандай жалган жана ишенимсиз маалыматтарга ишенбөөнү суранабыз.

УКМК жалган, чагымчыл маалыматтарды тараткандарга жоопкерчилик каралганын эскертетет. Ошондой эле комитет коомчулукту, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн, активисттерди, блоггерлерди жана өлкөнүн жарандарын кайрадан бийлик менен биргеликте болуп, азыркы кырдаалдан адекваттуу чыгып кетүүгө, Кыргызстандын жаркын келечеги үчүн чакырат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8460