"Сүйгөнү күтүп жаткан". Шейит кеткен Мыктыбек Мурзажанов тууралуу эжеси айтып берди
RU

"Сүйгөнү күтүп жаткан". Шейит кеткен Мыктыбек Мурзажанов тууралуу эжеси айтып берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чек ара жаңжалында Ички иштер министрлигинин "Шумкар" атайын багыттагы полкунун өзүнчө ротасынын кызматкери, милициянын ага сержанты Мыктыбек Мурзажанов каза болду. Анын таежеси Айжамал Меңдибаева Kaktus.media сайтына жээни тууралуу айтып берди.

"16-сентябрда түшкү тамактануу маалында ал туугандарына телефон чалган. Көрсө ошондо акыркы жолу сүйлөшкөн экен. Анан бир-эки сааттан кийин ал жок болуп калды. Бирок бул тууралуу 17-сентябрда Каза болгондордун тизмеси Айдаркен мэриясына келип түшкөндө гана билдик", - дейт ал.

Ал бизди сооротуп, баары жакшы экенин, сөзсүз тынчтык болорун айткан. Анын үнүн ушуну менен кайра укпай кала турганыбызды билген эмеспиз.

Мыктыбек үй-бүлөдө төрт уулдун кичүүсү. Ал 1999-жылы өзү өскөн Айдаркен шаарында төрөлгөн.

"Ал мектепти бүтүп өз каалоосу менен кызматка кеткен. Кайтып келгенден кийин милицияда, коопсуздук тармагында иштеген. Анан спецназга өтүүнү чечти. Албетте, биз ага каршы болгонбуз. Бирок ал эч кимди укпай, өлкөнү коргоогусу келген. Бардык тандоолордон өз алдынча өтүп, "Шумкарда" кызмат өтөй баштаган эле. Мындай бөлүмдөрдө кызмат өтөгөн жигиттер чынчыл, калыс, эр жүрөк болушат", - деп ыйлайт маркумдун эжеси.

Октябрь айында Мурзажанов эс алууга чыкмак. Жигиттин пландары бар болчу.

"Аны сүйлөшкөн кызы күтүп жаткан. Ата-энеси аны агасы менен чогуу бир күндө үйлөндүрөбүз деп жатышкан. Биз тойду күтүп жатканбыз, эми аза күтүп отурабыз", - дейт эжеси.

Сүйлөшкөн кызы анын видеолорун социалдык тармактарга күнүгө жүктөп, жүрөгүбүздү эзип жатат. Анда баары бар болчу - үй-бүлөсү, сүйгөн кызы, сүйүктүү кызматы. Болгону анын өмүрү кыска болду.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8500