Тажик тарап барымтага алган 4 аскерди Ташиев Баткенге алып келди
RU

Тажик тарап барымтага алган 4 аскерди Ташиев Баткенге алып келди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМКнын Чек ара кызматы Тажикстан барымтага алган кыргыз аскерлери бошотулганын кабарлайт.

Бүгүн түштөн кийин Камчыбек Ташиев укук коргоо органдарынын жана облустук бийлик өкүлдөрү менен биргеликте Тажикстандын аймагында болду. Анда тажик тарап барымтага алган 4 аскер кызматкерин тиешелүү сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында бошотууга макулдук алды. 19-сентябрда саат 21:00гө карата УКМКнын төрагасы 4 чек арачы менен бирге "Кызыл-Бел" көзөмөл-өткөрүү пункту аркылуу Баткенге кайтып келди.

Белгилүү болгондой, аскерлердин абалдары жакшы. Бирөө бутунан жаракат алган, алар ооруканага жөнөтүлдү. Медициналык кароодон кийин жоокерлер үйлөрүнө жөнөтүлөт.

Чек арага жакын аймактардын тургундарынын коопсуздугун камсыз кылуунун алкагында Камчыбек Ташиев тажик кесиптеши менен дайыма байланышта.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8510