Атасы Баткенге издөөгө кетти. 21 жаштагы Дастан Анарбеков дайынсыз болууда
Тажикстандын куралдуу кол салуусунан Баткенде мекен чегин коргоп жүргөн 21 жаштагы Дастан Анарбеков дайынсыз болууда. Бул туурасында жоокердин жакындары билдиришти.
"Бизге алгач каза болду деген кабар келген. Сөөгү келгенде башка айылдагы жоокер болуп чыкты. Биз бардык жактан издештирип жатабыз, эч кандай дайыны жок. Дастанды издөө үчүн атасы Баткенге жөнөп кетти", - дейт жоокердин жакыны.
Ички иштер министрлигинен Дастанбек Анарбеков дайынсыз болуп жатканын ырастап, учурда ал изделип жатканын кабарлады.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/8515