"Балдарым атабыз жумушта деп жүрүшөт". Эламан Ураимов тууралуу жубайы айтып берди
RU

"Балдарым атабыз жумушта деп жүрүшөт". Эламан Ураимов тууралуу жубайы айтып берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

29 жаштагы Эламан Ураимов Тажикстандан келген аскерлерди Кыргызстанга киргизбөө үчүн өзүн граната менен жардырып жиберген. Баатырларча курман болгон жоокер тууралуу жубайы Kaktus.media`га айтып берди.

Эламан Ураимов Д.Асанов атындагы Кыргыз улуттук аскердик лицейинде андан кийин Бишкек аскердик институтунда билим алган.

"Жолдошум 2008-2009-жылдары армияда кызмат өтөгөн, өтө чынчыл мекенчил инсан эле. Ушундай тайманбаган, эр жүрөк, патриот, кыргыз дегенде жанын берген адам менен чогуу түтүн булатканыма сыймыктанам. Азыр анча-мынча эркектер мындай кадамга бара алышпайт", - деди ал.

Эламан Ураимов Баткен облусунун Бужум айылындагы №2053-аскер бөлүктө рота командири болчу.

"Күндү күн дебей, түндү түн дебей, ишемби, жекшемби күндөрү да жумушуна барчу. Өтө эле берилип иштечү, жумушун аябай сүйчү. Биз - үй-бүлөсү анын кызматын түшүнүү менен кабыл алчубуз. Жумушу ал үчүн маанилүү болчу. Ага маанилүү нерсе бизге, ата-энебизге да маанилүү болгон. "3 жылдан кийин пенсияга чыгам, бирок андан ары ишимди уланта берем" дечү эле. Баткенде 2017-жылдын апрель айынан бери кызмат кылып жүргөн", - дейт көзүнө жаш алып.

Эламан менен Аймээрим 2016-жылдын 1-октябрында баш кошушкан. Алар 2015-жылы таанышып калышкан.

"Баш кошконубузга быйыл 6 жыл болот, сага сюрприз даярдап жатам деп мени кубандырган эле... мага табышмак бойдон кала берди".

"2015-жылы Ош облусунун комендатурасында аскер кызматчысы болуп иштеп калдым. Ошол убакта Эламандын курсташтары менен кызмат өтөп жүргөм, ошолор аркылуу экөөбүз табышканбыз. Биздин үй-бүлө болушубузга себепчи болгон Жанболотов Тилек жана Мурзагожоев Нурсултанга рахмат айтам".

Аймээрим жолдошу менен акыркы жолу 11-сентябрда көрүшкөн. 16-сентябрда эртең мененки саат 08:42де акыркы жолу сүйлөшкөн.

"28 секунд сүйлөштүк, ошол маалда согушуп жүргөн экен, ок атышуулардын үндөрү угулуп жатты. Балам "ата сагындым" деди, "макул балам, азыр бошобой жатам, кийинчерээк чалам" деп өчүргөн. Ошол акыркы сөзү болду. 17-сентябрга караган түнү жолдошумдан айрылып калдым. Кызыбыз 5 жашка толду, аты Элзада. Уулубуз 3 жашта, аты Элмырза, атасын аябай жакшы көрүшөт. Атасы иштен келгенде мени карабай, тоготпой калышчу. Азыр балдарым атабыз Баткенде жумушта деп коюп жүрүшөт. Каза болгонун билишкен жок. Кийинчерээк айтабыз", - дейт Аймээрим.

Эламан үйдүн улуусу болгон. Буга чейин жоокердин ата-энеси 3 баласын жоготкон. Азыр кичүү кызы жана эки небереси калды.

Kaktus.kg сайты Эламан Ураимовдун каза болгонуна байланыштуу жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8521