Баткенде каза болгон 22 жаштагы жоокердин эжеси: Кайра кайтып келе тургандай сезилет
RU

Баткенде каза болгон 22 жаштагы жоокердин эжеси: Кайра кайтып келе тургандай сезилет

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чек ара жаңжалынан Баткен облусунда кыргыз армиясынын 2000-жылы туулган жоокери Жеңишбек Иманбек уулу кызмат учурунда каза болгон. Ал тууралуу Kaktus.media сайтына туугандары билдирди.

Жеңишбек Нарын облусунун Жумгал районунун Миң-Куш айылында туулуп-өскөн. Үй-бүлөдө алты баланын ортончусу.

Мектепти бүткөндөн кийин кыргыз армиясында кызмат өтөгөн. Баткен районунун Ак-Сай айылында кызмат өтөп, ошол жерде каза болгон.

"Анын мерт кеткенин кесиптешинен билдик. Жерге бергенибизге карабай, дагы деле ишене албай жатабыз. Ал кайра кайтып келе тургандай сезилет. Жеңишбек дайыма шайыр, боорукер болчу. Эч кимге жардам берүүдөн баш тартчу эмес", - дейт эжеси.

Бала кезинен эле аскер адамы болууну, форма кийүүнү кыялданчу. Өзүн да кыялын да жок кылышты.

Kaktus.media сайтынын редакциясы маркум Жеңишбек Иманбек уулунун жакындарына көңүл айтат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8522