Жогорку Кеңеш кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды жабык эшик артында карап жатат
RU

Жогорку Кеңеш кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды жабык эшик артында карап жатат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 22-сентябрда Жогорку Кеңештин депутаттары мамлекеттик чек аранын Баткен облусундагы кыргыз-тажик тилкесиндеги жана Ош облусунун Чоң-Алай районундагы кырдаал боюнча министрлер кабинетинин маалыматын жабык режимде карап жатышат. Бул демилгени президенттик аппараттын парламенттеги өкүлү Алмасбек Абышев алып чыкты.

Бул маселе боюнча УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жана коргоо министри Бактыбек Бекболотов чыгып сүйлөдү.

Андан соң депутаттар "Кумтөр" алтын кенинин ишмердүүлүгү, Кыргызстандын экономикасы, 2022-2023-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдыгы, чет өлкөдөгү эмгек мигранттарынын абалы, 2022-2023-ж.ж. мектепке чейинки билим берүү тармагындагы иштердин абалы, ошондой эле социалдык-экономикалык маселелерди талкуулашты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8543