Садыр Жапаровдун Facebook'тагы аккаунтун белгисиздер бузуп киришкен
RU

Садыр Жапаровдун Facebook'тагы аккаунтун белгисиздер бузуп киришкен

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президенттин басма сөз катчысы Галина Байтерек: Садыр Жапаровдун Фейсбуктагы баракчасын бирөөлөр бузуп киришкен, акыркы комментарийлерге анын эч кандай тиешеси жок. Мындай билдирүүнү президенттин басма сөз кызматы таратты.

Кыргыз Республикасынын Президентинин басма сөз катчысы Галина Байтерек социалдык тармактардагы Мамлекет башчысынын баракчасындагы акыркы комментарийлерге байланыштуу түшүндүрмө берди.

"Президент Садыр Жапаровдун Фейсбук социалдык түйүнүндөгү жеке баракчасы белгисиз бирөөлөр тарабынан бузулду. Ниети бузуктар аталган баракчадан ар кандай посттор менен комментарийлерди калтырышкан. Фейсбук баракчасына жайгаштырылган акыркы комментарийлерге Мамлекет башчысынын эч кандай тиешеси жок. Садыр Жапаров коомчулукта айтылган бардык ой-пикирлерге, анын ичинде сын көз караштарга да сый-урмат менен мамиле кылат. Андыктан ал мындай сөздү эч качан айтпайт", - деп белгиледи Галина Байтерек.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/854