40 жаштагы аялды өлтүрүп, 2 метр тереңдиктеги люкка ыргытып жиберген жаран кармалды
RU

40 жаштагы аялды өлтүрүп, 2 метр тереңдиктеги люкка ыргытып жиберген жаран кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чүйдө дайынсыз болуп изделип жаткан аялдын жансыз денеси табылды. Анын өлүмүнө шектүү кармалганын Чүй ОИИББдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалым болгондой, 1982-жылы туулган Т.Г. 17-сентябрда саат 14:00 чамасында Новопавловка айылындагы үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан.

Милиция териштирүү иштерин баштап, анда Т.Г. жакындарына кабар бербей белгисиз жакка кетпеши толук мүмкүн экенин аныкташкан. Бул факты боюнча "адам уурдоо" менен кылмыш иши ачылган.

Комплекстүү издөө иш-чараларынын жүрүшүндө дайынсыз болуп жаткан аялдын батирин ижарага алган К.Т. шек жараткан. Ал аялдын үйүндө оңдоо иштерин жасап берип жатканы аныкталды. Ошондой эле ал мурда да бир айымды өлтүрүп, мунапыска туш болуп 3 жыл мурда абактан чыкканы такталды.

Милиция тарабынан 1984-жылы туулган К.Т. Ош облусунун аймагынан кармалды. Ал Казакстандын жашоочусу, жарандыгы кыргыз. Шектүү сурак учурунда 40 жаштагы аялды өлтүргөнүн моюнга алган жана кылмыш болгон жерди көрсөтүп берген. Ал кылмышты жашыруу максатында сөөктү эки метр тереңдиктеги люкка ыргыткан. Кармалган жаран аялды өлтүрүүгө курулуш кызматын көрсөтүүдө түшүнбөстүктүн негизинде уруша кетип, аны кемсинткени себеп болгонун айткан. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8557