Ар бир адам сөзсүз аралаштырып сүйлөгөн орусча сөздөр. Кыргызчасы кандай болот
RU

Ар бир адам сөзсүз аралаштырып сүйлөгөн орусча сөздөр. Кыргызчасы кандай болот

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Төмөндөгү сөздөрдү сиз көп угасызбы же өзүңүз ушундай сүйлөйсүзбү?

Кыргызстанда почти баары орусча сүйлөйт. Уже кыргызча сүйлөгөндөр калбай калды, мындай болсо гарантия жакында кыргыз тили жоголот. Короче кыргызча сүйлөйлүчү э отдуши.

Ар бир кыргыз тилин укмуш сүйлөйм деген адам сөзсүз жогорудагы сөздөрдү аралаштырып сүйлөйт. Эгер чынында туура сүйлөгүңүз келсе алдыңкы тизмедеги сөздөр сиз үчүн.

  • Сдачи - Демек
  • Уже - Эбак эле
  • Почти - Дээрлик, чукул
  • Срочно - Тезинен
  • Даже - Жадагалса
  • Да нуу - Чын элеби, койчу ай
  • Привычка - Адат
  • Примерно - Болжолдуу
  • До конца - Акырына чейин
  • Кстати - Баса
  • Отдуши - Рахмат
  • Сразу - Дароо
  • Пожалуйста - Сураныч, кичи пейилдикке
  • Короче - Кыскасы
  • Вообще - Дегеле
  • Вообще-то - Чынында
  • Неужели - Чын элеби
  • Между прочим - Керек болсо
  • Очередь - Кезек
  • Гарантия - Кепилдик

Мамлекеттик тилди өнүктүрүүнү кааласак анда ушул сөздөрдү да колдонолу. Мамлекеттик тил күнүңүздөр кут болсун!

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8570