Садыр Жапаров: Атамбаевди айрым иштер боюнча актаганда эч ким адилет чечим болду деген жок
RU

Садыр Жапаров: Атамбаевди айрым иштер боюнча актаганда эч ким адилет чечим болду деген жок

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаров Алмазбек Атамбаевдин уулдарын кабыл алганын, аны бошотуу боюнча пикирин "Кабар" маалымат агенттигине берген маегинде айтты.

Анда өлкө башчыга "Саясий иш дегендерди жаап салып, түрмөдө жаткан Атамбаевди бошотуп салсаңыз болобу?" деген суроо узатылды.

Ушул саясий иш дегендердин баары мен бийлик башына келгенге чейин болгон иштер. Асты 12 жыл, арты 3 жылдан ашкан иштер. Мен сотторго: "Күнөөлүүбү соттогула. Күнөөсү жокпу актагыла. Мурдагыдай сот иштерин Ак үй көзөмөлгө алып турат деген болбосун",- деп дайыма айтып келем. Соттор ишин так аткарып жатышат. Мисалы, кечээ жакында эле Октябрь окуясы, Калыс-Ордодогу мектеп, түрк жарандарына мыйзамсыз берилген паспорттор боюнча Атамбаевди сот толук актап жиберди го. Эмнеге муну көрбөйсүңөр. Соттоп жиберсе, анда дагы "саясий негизде соттоп жиберди" деп чыкмаксыңар. Актап жиберсе, бирөө дагы "адилет чечим болду" деп айтып чыккан жок. Калыс болуш керек да. 12 жылдан бери "Ош коогалаңы боюнча чекит коюп бергиле" деген элдин талабы бар. Прокуратура тергеп туруп, сотко жиберди. Сот чекитти койсун. Күнөөлүүлөр жазасын алсын, күнөөсүздөр акталып чыгышсын. Биз соттун ишине кийлигишпейбиз. Биз кийлигишпеген үчүн кечээки иштери боюнча акталышты.

Ал эми "Атамбаевди бошотуп ийбейсизби" деген сурооңуз боюнча:

Сот иштери бүткүчө мен кийлигише албайм. Азыр чыгарып жиберүүгө укугум да жок. Кой-Таш окуясы боюнча сот иши бүткөндөн кийин гана менин чыгарууга укугум пайда болот. Кечээ жакында Рустам балам: "Ата, Алмазбек Атамбаевдин балдарын кабыл алып коюңузчу, суранып жатышат. Биз деле Атамбаевге кире албай канча чуркаганбыз. Биз алардын катасын кайталабай эле коёлучу" деп, Атамбаевдин балдарын ээрчитип келиптир. "Аа балам, сен да менден бетер боорукер экенсиң да" деп ичимден күлүп койдум. Балдарын кабыл алдым. Түшүндүрдүм. "Сот иштери бүтсүн, андан кийин менин укугум" дедим. Биз мамлекет катары мыйзамдардын ар бир беренесин сыйлашыбыз керек.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8572