"Ойго келбей эч нерсе". Түркияда Манас айтып жаткан Рыспай Исаков сынга кабылды (видео)
RU

"Ойго келбей эч нерсе". Түркияда Манас айтып жаткан Рыспай Исаков сынга кабылды (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ушул күндөрү Түркиянын Бурса шаарында "Манас жумалыгы" өтүп жатат. 4 күндөн бери Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, манасчы Рысбай Исаков улуу баянды айтууда. Коомчулукта анын Манас айтканына нааразы болуп, "Манас эпосун шылдың кылып жатышат", "сөзүм түгөндү десе да кыйнап алып отурушат" дегендер четинен чыкты. Алар Рыспай Исаковдун улуу баянды айтып жатканынан видео таратышты.

Манасчы Дөөлөт Сыдыков манасчылык өнөрдү эл аралык аренага ушул деңгээлде көрсөтүп жатышабы деп нааразы болду.

"Рысбай Исаковду Манас айттырып, ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун жетекчиси Султан Раевдин башчылыгы менен "Гиннесстин рекорддор китебине" Манасты каттатуу үчүн Теңиз Бөлтүрүктөн 30 миң евро бөлдүрүп адисти чакырып, болбой калса, жөн гана "Манас жумалыгы" Бурса шаарында өтөт кылышууда. Рыспай Исаков дарамети жетип айтып кетсе "Гиннесстин рекорддор китебине" киргизебиз деп турушат. Бирок арам ой менен жасаган иштери минтип ашмалтай болуп жатат. Гиннесске чоң акча төлөп, адис чакырбай эле, мамлекеттин эч бир колдоосу жок кезекти жылдап күтсөм дагы каралат деген позиция менен каттоо кезегин күтүп жүрөм", - дейт Дөөлөт Сыдыков.

Ал эми Рысбай Исаковду колдоп, ага дем бергендер да жок эмес. Алар манасчынын чарчаган абалын сындоо туура эмес дешет. Кыргызстандын Франциядагы элчиси Садык Шер-Нияз Бурсанын борбордук аянтында Манас айтылып жатканын, иш-чарага өзү күндө эки ирет күбө болгонун айтат.

"Рысбай бүгүн чырым албай төртүнчү күнү айтып жатат. Жаңылып айтып жатабы деп үнүн тыңшап коём. Ыргагы жакшы, ыры орду менен, керек болсо бүгүн айрыкча күчөп алгандай. Ыраазы болгонум эки боз үйдү тегеректеп Рысбай менен кошо коштоп жүргөн биздин балдар кыздар, студенттер. 4 күн уктабай Манас айтыштын өзү эле эмне деген тарых", - деп жазды.

"Манас жумалыгы" жергиликтүү бийлик, ТҮРКСОЙ уюму жана Кыргызстандын Түркиядагы элчилигинин демилгеси менен уюштурулган. Иш-чарага кыргызстандык, казакстандык жана түркиялык 14 манасчы бир апта бою "Манас" айтышат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8611