Ошто 40 жаштагы аял балдарын, андан кийин өзүн өлтүрмөкчү болгон
RU

Ошто 40 жаштагы аял балдарын, андан кийин өзүн өлтүрмөкчү болгон

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ошто 40 жаштагы аял балдарын өлтүрүүгө аракет кылган. Ал жашы жете элек эки баласына ашыкча көлөмдө дары берген дешет Ош ШИИБден.

Окуя бүгүн, 27-сентябрда саат 16:30 чамасында болгон. Анда Ош шаарындагы Амир-Темир кичи шаарчасында убактылуу жашап жаткан 1982-жылы туулган аял өзүнүн 2009 жана 2011-жылдары туулган балдарына ири көлөмдө дары берип, өлтүрүүгө аракет жасап жаткандыгы тууралуу милицияга маалымат түшкөн. Жерине барган инспекторлор "Тез жардам" кызматына жана ыкчам тергөө тобуна кабар беришкен. "Тез жардам" кызматы келгенче милиция кызматкерлери балдарга суюктук беришип, дарыны тазалоого аракет жасап турушкан.

Балдардын апасы көрсөтмө берип, уулдарын өлтүрүп, андан соӊ өзүн-өзү өлтүрүүгө аракет жасай тургандыгын билдирди. Ал балдарына чычканга (жаныбар) каршы дарыны жана димедрол бергендигин айтты. Учурда аялдын бул кадамга баруусунун себептери, диний-экстремисттик топтор менен байланышы бар, жогу жана психикалык абалы дагы текшерилүүдө.

Алгачкы маалыматтарга караганда, 40 жаштагы аял күйөөсү менен быйыл ажырашып кеткен. Кара-Суу районунан Ош шаарына балдары менен келип жашап жаткан.

Учурда балдардын абалдары жакшы, ден соолугуна коркунуч жок. Алардын мындан кийинки жашай турган жайын социалдык жактан коргоо тармактары карашууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8626