20 киши 8-март майрамын майрамдоо үчүн чогулушкан болчу. Алтосу ууланып каза болду
RU

20 киши 8-март майрамын майрамдоо үчүн чогулушкан болчу. Алтосу ууланып каза болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кара-Суу айылынын тургуну туугандарын 8-март майрамын белгилөө үчүн кафеге чакырган. Ал жерден коноктор арак жана спирт ичишкен. Натыйжасында 6 адам каза болду. Бул тууралуу Kaktus.media редакциясына күч структураларынын кызматкерлери билдиришти.

Алардын айтымында, 2-мартта Аксы районунун Кара-Суу айылындагы кафелердин биринде жакын туугандар чогулуп, Ата мекенди коргоо күнүн жана 8-март майрамдарын белгилешкен.

"Мейман болуп 20 киши келген. Аларга тамактын бир нече түрү тартылып, "С серебром" арагынын бир нече бөтөлкөсү жана бир литр спирт коюлган болчу. Кечеден кийин бардыгы үйлөрүнө тарап кетишкен. Эртеси күнү, 3-мартта, түнү менен жетөөсү госпитализацияланган. Алардын ичинен үчөөсү ооруканага жетпей каза болушкан, дагы үчөө ооруканадан көз жумушту", - деп маалымат булактар билдиришти.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/862