Ишкерди коркутуп, 50 миң доллар опузалап жүргөндөр колго түшүрүлдү
RU

Ишкерди коркутуп, 50 миң доллар опузалап жүргөндөр колго түшүрүлдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ишкерден опузалап акча талап кылып, үй-бүлө мүчөлөрүнүн өмүрүнө зыян келтиребиз деген жарандар кармалды. ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашкандай, кармалгандар өздөрүн кылмыштуу топтун өкүлү катары тааныштырган.

Белгисиз адамдар Аламүдүн районунун тургунуна психологиялык кысым көрсөтүп, 50 миң доллар өлчөмүндө акча каражатын опузалап талап кылып жүргөнү аныкталган. Алар ишкердин үй-бүлө мүчөлөрүнүн өмүрүнө жана ден-соолугуна, ошондой эле бизнесине зыян келтире тургандарын айтып, аны коркутуп келишкен.

Аталган факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине 208-берене (опузалап талап кылуу) менен катталып, кылмыш иши козголгон.

Ыкчам тергөө иштеринин алкагында шектүүлөр 27-сентябрда ишкерден опузалап 200 000 сом акча алып алып жаткан жеринен кармалды. Алар Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун тургундары 1973-жылы туулган М.Б. жана 1981-жылы туулган К.А. экендиги аныкталды. Кармалгандардын бирөө мурда сот жообуна тартылган.

Азыркы учурда бул факты боюнча иликтөөнү Аламүдүн РИИБдин тергөө кызматы жүргүзүп жатат. Кармалган жарандардын ушул сыяктуу башка кылмыш иштерине тиешеси бардыгы текшерилүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8630