"Жооп алып бериңиз". Депутат элдин, өлкөнүн тагдырына президент жоопкерчилик алган дейт
RU

"Жооп алып бериңиз". Депутат элдин, өлкөнүн тагдырына президент жоопкерчилик алган дейт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Депутат Мирлан Самыйкожо Жогорку Кеңештин жыйынында президент менен элге кайрылды. Ал парламенттин үстүндө турган "кудайлар" көбөйүп кеткенин айтты.

"Парламенттин үстүндө эл менен Кудай гана турат. Азыркы турушубузда парламенттин "кудайлары" көбөйүп бара жатат. Парламент төрүндө тайраңдап, өз билгендерин кылып, жоо жакадан алып турганда жоо менен эмес парламент менен кармашканга өтүп жатышат. Аны азыр бир кесиптешибиз ачыктап берди", - деп парламент жөнүндө пикирин билдирди.

Депутат элге кайрылып, калк жалгыз эмес экенин, алардын тагдыры менен келечеги үчүн жоопкерчиликти президент өз мойнуна алганын белгиледи.

"Урматтуу кыргызстандыктар, кадырлуу калк, силердин, өлкөнүн тагдырына жооп бере турган мамлекет башчы бар. Ар бир суроолоруңарга жооп алышыңар керек. Анткени президенттик башкарууну тандагансыңар. Кечээги Баткен окуясында шалаакылыктын, кайдыгерликтин айынан окко учкан кырчындай өмүрлөргө, күлү көккө сапырылып, каңырыгы түтөгөн калкка, чек аранын чечилбеген чырына, мындан аркы бүдөмүк божомолдорго сөзсүз жооп берилиши керек. Урматтуу, президент чындык ачуу болот, чыдагыла. Буга чейинки башкаруу системасынан, кландык жана үй-бүлөлүк башкаруудан көңүлү көк таштай калган эл сизге ишенип сизди, бийлик менен элдин ортосуна көпүрө болсун деп бизди шайлап берген. Жоопкерчиликтүү бололу. Жашырып-жаап жараны айыктара албайбыз", - деп кошумчалады.

Мирлан Самыйкожо Жогорку Кеңеш аскердик акыбалды чыңдоо жана алдын алуу үчүн оңой эмес акча каражатын бөлдүрүп бергенин, ал каражаттар кайда кеткени боюнча эч ким жооп бере электигин баса белгиледи.

"Же эмне, биздин өлкөдө бир гана төшөк чалгын, кустур чалгын, контрабанда чалгын иштери эле жүргүзүлөбү? Урматтуу, Садыр Нургожоевич, жогорудагы маселелерге жооп алып беришиңиз керек деп чакырып кетем", - дейт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8635