Ошто 85 жаштагы аксакал студент болду. Ал эмнеге окууга тапшырганын айтты
RU

Ошто 85 жаштагы аксакал студент болду. Ал эмнеге окууга тапшырганын айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош мамлекетинде билим алып жаткандардын эң улуусу 85 жашта. Билим алуу эч качан кеч эмес деген 85 жаштагы Мамат Кулматов учурда ОшМУнун медицина факультетинин кечки бөлүмүнүн фармацевтика адистигинде 1-курста окуп жатат.

Аталган окуу жайдан билдиришкендей, Мамат Кулматов 76 жашында Аравандагы медициналык колледжге тапшырып, 79 жашында аяктаган. Жаш мезгилинде айыл-чарба техникумунда окуп аграном адистигине ээ болгон. Айыл-чарба багытында көп жылдан бери үзүрлүү эмгектенип, жаңы уруктарды өндүрүү багытында тажрыйбаларды да жүргүзүп келет.

"ОшМУга 1959-жылы биохимия адистигине тапшырганмын. Бирок ошол мезгилдеги турмуштук кыйынчылыктардан улам окуумду таштап койгом. Ар бир адам илимдүү болушу керек. Канча жашта болбосун билим алууга кеч болбойт. Мен элдик табыпчылыкты да өздөштүрүп келем", - дейт өз сөзүндө.

Аксакал үй-бүлөсүндөгүлөр билим алуусун башында кубаттабаганын айтат.

"Ушул жашыңызда окубай эле коюңуз деген пикирлерин айтышты. Бирок алар менин ичимдегини билишпейт да. Өзүм баарына түшүндүрүп айттым. Апам оорудан улам жаш өтүп кеткен. Ошондо өзүмө сөз берген элем дарыгер болом деп. Байбичем да илимди же бизди танда деген"- дейт ал.

Мамат Кулматов байбичеси менен 4 кыз, 1 уулду тарбиялап өстүрүшкөн. Учурда 20 дан ашуун небере, чеберелери бар.

Ал эми аталган окуу жайда органикалык предметтен сабак берген Махира Мирзаева: "27 жылдан бери биринчи жолу практикамда улуу жаштагы ата студентим болуп жатат. Бир чети атаны көрүп сүйүнсөм, бир чети суктандым. Биз буга чейин мындай көрүнүштү чет өлкөдөн гана көрсөк, бизге да келип жатканы мени аябай кубандырды"- дейт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8672