Мектепке кеткен боюнча дайынсыз. 14 жаштагы бала бир жумадан бери изделүүдө
RU

Мектепке кеткен боюнча дайынсыз. 14 жаштагы бала бир жумадан бери изделүүдө

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

14 жаштагы Кубан уулу Хасан 27-сентябрь күнү эртең менен мектепке кетип, кайра кайтып келген эмес. Аны үй-бүлөсү издеп Kaktus.media сайтына кайрылышты. Баланын кайда барышы мүмкүн экенин да билишпейт.

"Эртең менен саат 7де Лущикина көчөсүндө жайгашкан үйдөн чыгып, №84 мектепке барган. Бирок сабакка кирген эмес. Классташынын айтымында ал сабак аяктаганга чейин мектепти кыдырып жүргөн. Мектептин камераларынан алынган видеодо ал Гагарин жана Кырк кыз көчөлөрүнүн кесилишине чейин жарым жол басып кеткени көрүнүп турат. Хасан абдан токтоо бала. Үйдө эч ким менен урушкан эмес жана ата-энесине билгизбей эч качан кетип калган эмес", - деди тууганы.

Белгилери: бою 160 см, арык, бетинде жана колунда ала тактары бар.

Кийген кийими: ак көйнөк, кара капюшону бар свитер, кара джинсы шым, ак кроссовка.

Хасанды көргөндөр болсо 0707 44 11 50 (Кубан, атасы), 0700 61 31 52 (Мария, апасы) телефондору аркылуу ата-энесине кабарлап коюуну суранышат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8691