Жалил Атамбаев соодалашып атып, 50 миллион сом төлөп, үй камагына чыкты
RU

Жалил Атамбаев соодалашып атып, 50 миллион сом төлөп, үй камагына чыкты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Мурда маалымдалгандай, мамлекеттик кызматта турганда мыйзамсыз байыган фактысы боюнча, Республиканын ички иштер органдарынын мурунку кызматкери Жалил Атамбаев кармалып, УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген болчу. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирген.

Белгилүү болгондой, тергөө иштеринин журүшүндө, республиканын ички иштер органдарынын кызматкери болуп саналган Жалил Атамбаев, ошол эле учурда мыйзамсыз ишкердик иш менен алектенип, жалпы суммасы 100 миллион сомдон ашуун кыймылсыз мүлккө ээ болуп, аны жакын туугандарынын атына каттатканы аныкталды.

2021-жылдын 4-мартында Ж.Атамбаев жана анын жактоочулары тергөө менен кызматташууга жана белгиленген зыяндын ордун республиканын бюджетине көрсөтүлгөн өлчөмдө төлөп берүүгө даяр экендигин билдиришкен.

Бүгүнкү күндө, Жалил Атамбаев келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн УКМКнын депозиттик эсебине 50,5 миллион сом салып, калган 50 миллион сомду ушул жылдын март айынын аягына чейин төлөп берүүгө милдеттендирилди. Келтирилген зыяндын ордун жарым-жартылай төлөп берүүсүнүн жана тергөө менен кызматташууну эске алуу менен, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Жалил Атамбаевди үй камагына алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалды. Тергөө уланууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/869