Call-центр: кардар $10 000 салынган барсеткасын дүкөнгө унутуп кеткен. Ээси табылды
RU

Call-центр: кардар $10 000 салынган барсеткасын дүкөнгө унутуп кеткен. Ээси табылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектеги дүкөндүн кызматкери кардар унутуп кеткен барсетканы ээсине кайтарып берди. Анда 850 миң сом бар болчу. Көрсө, унутуп кеткен жаран ошол күнү машинесин саткан экен.

"1-март күнү эртең менен эжемдин машинесин саткам, андан кийин жумуштарым менен жүрүп, жолдон келатып, ЦУМга кирип, телефон сатып алайын дедим. Капчыгымдагы акчам менен эсептешип, барсеткамды витринага койгон бойдон унутуп кетиптирмин. Бир күн кечке башка иштерим менен жүрө бериптирмин. Барсеткам машиненин арткы орундугунда деп ойлогом. Кечинде гана жок экенин көрдүм. Барган жерлеримдин бардыгына телефон чала баштадым. ЦУМ такыр эсимде жок. Күтүүсүз жерден досум телефон чалып, мени соцтармактар аркылуу издеп жатышканын айтты", - деп Бишкектин тургуну Юрий айтып берди.

Дүкөндүн администрациясы унутулуп калган барсетканы көрүп, социалдык тармактарга камерага тартылган видеолорду жайгаштырып, колдонуучуларга кайрылып, ээсин табууга жардамдашып коюуну суранышкан. Колдонуучулардын бири видеодон досун тааныган.

Жоготкон барсеткасынын табылганына сүйүнгөн ээси сатуучуга 20 миң сом берди. Дүкөндүн администрациясы өз кезегинде айдын соңунда кызматкерге премия берүүнү убада кылды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/870