Каржы министрлигинин ички аудит кызматынын төрагасы 150 миң сом пара алып кармалды
RU

Каржы министрлигинин ички аудит кызматынын төрагасы 150 миң сом пара алып кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Каржы министрлигинин ички аудит кызматынын төрагасы пара алып алууга шектелип кармалды. ИИМдин маалыматына ылайык, кызматкер аудитор кызматына жумушка орноштуруу үчүн 150 миң сом алган.

Кызматкер кол алдында иштеп жаткан бөлүм башчы аркылуу аудитор кызматына жумушка алуу үчүн 150 миң сом талап кылып алып, ал акча каражатын жеке максаттарына жумшаган.

Аталган факты боюнча 343-берене (Опузалап пара алуу) фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, 24-сентябрда Каржы министрлигинин Ички аудит кызматынын төрагасы 1966-жылы туулган Р.С. кармалган.

Р.С. кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, ар кандай кызмат орундарына жумушка орноштуруу үчүн акча алып жүргөндүгү аныкталган. Биринчи Май райондук сотунун чечими менен ал 26-сентябрда Бишкек шаарынын №1 тергөө абагына камакка алынды.

Ири өлчөмдөгү пара алуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишин ИИМдин Тергөө кызматы жүргүзүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8712