Кыргызстандыктар Кореяда өтүп жаткан эң ири кинофестивалда кызыл килемден өтүштү. Видео
RU

Кыргызстандыктар Кореяда өтүп жаткан эң ири кинофестивалда кызыл килемден өтүштү. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

5-октябрда кыргызстандык кинорежиссер Айбек Дайырбеков жана актёрлор Дастан Айбек, Байел Дюшеев 27-Пусан (Корея) эл аралык кинофестивалынын кызыл килеминен өтүштү.

Пусан шаарында кинофестивалдын алкагында Айбек Дайырбековдун "Эрмен жыты" тасмасынын дүйнөлүк бет ачары болот.

"Пусан эл аралык кинофестивалы" 1996-жылдан бери Түштүк Кореянын Пусан шаарында жыл сайын өткөрүлүп келе жаткан Азиядагы эң ири кинофестивал. Жаңы тасмаларды жана жаңы чыгып келе жаткан режиссерлордун чыгармаларын көрсөтүүгө адистешкен.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8739