"Элге сиңген "Кыргыз жери" деген ыр бар". Депутат гимнге өзгөртүү киргизүүнү сунуштады
RU

"Элге сиңген "Кыргыз жери" деген ыр бар". Депутат гимнге өзгөртүү киргизүүнү сунуштады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин жыйынында бүгүн, 6-октябрда депутат Арсланбек Малиев мамлекеттик туу менен гимнге өзгөртүү киргизүүнү сунуштады. Ал желектин түсүн, гимндин сөзүн алмаштыруу керек дейт.

"Бүгүнкү герб жөн эле татынакай сүрөт. Тарыхка кайрылсак биздин эн тамгаларыбыз бар, анын ичинен татыктуусу Манастын эн тамгасы. Ал эми азыркы желекти Советтик парламент кабыл алып берген. Нукура кыргыздын желеги көк түстө болгон. Бул боюнча мыйзам долбоору даярдалып жатат. Кийинки маселе - гимн. Элибизде гимн болгонго татыктуу обондор бар, мисалы элге сиңген "Кыргыз жери" деген ыр. Автор менен айрым сөздөрүн өзгөртсө туура болот эле", - дейт ал.

Арсланбек Малиев мындай сунуштарды буга чейин да жасаган. Тагыраагы, ал өлкөнүн атын өзгөртүүнү сунуштаган. Ал сунуш кылган варианттардын арасында Кыргыз Эли, Кыргыз каганаттары, Кыргызжер деген аталыштар болгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8741