Белгисиз адам кыздын колунан 147 миң сомдук iPhone 14 Pro телефонун жула качкан
RU

Белгисиз адам кыздын колунан 147 миң сомдук iPhone 14 Pro телефонун жула качкан

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Белгисиз адам кыздын колунан 147 миң сомдук iPhone 14 Pro телефонун жулуп алып, изин жашырып кеткен. Милиция кылмышка шектүүнү кармады. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Жабырлануучу Ж.Г. окуя 26-сентябрда кечке жуук Турусбеков менен Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинде болгонун кабарлаган.

30-сентябрда кылмышка шектүү катары 2003-жылы туулган А.А. кармалып, ага карата "Каракчылык" боюнча кылмыш иши козголгон.

Кармалган адам Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Борбор калаанын Ленин райондук соту аны бир айга камакка алуу жана СИЗО-1ге камоо чечимин чыгарган.

Маалым болгондой, Ленин райондук ички иштер бөлүмүнө кармалган А.А.ны жоопкерчиликке тартуу өтүнүчү менен дагы эки жазуу жүзүндөгү арыз түшкөн.

Кармалган адамдын кылмыштуу аракеттеринен жапа чеккендер жана ушул сыяктуу иштер боюнча маалыматы барлар төмөнкү телефондор аркылуу кабарлашса болот: 0312 35 29 47, 0312 65 44 94, 0502 10 21 49, 0555 10 21 49, 070 22 22, 102.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8764