"Билеттин баасы өсүп". Эл аралык сулуулар сынагына катыша турчу кыз мелдешке каташа албады
RU

"Билеттин баасы өсүп". Эл аралык сулуулар сынагына катыша турчу кыз мелдешке каташа албады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандык сулуу авиабилет боюнча көйгөйлөрдөн улам "Miss Grand International 2022" сулуулар сынагына катышкан жок. Бул тууралуу "Мисс Кыргызстан" улуттук сулуулук сынагынын дирекциясы билдирди.

Индонезияда өтө турчу сулуулар конкурсуна жарым жыл даярданган Жамиля Жыргалбекова мелдешке катыша алган жок.

"Тилекке каршы, сынактын башталышына бир жума калганда Жамилянын ата-энеси кызын эл аралык сулуулук сынагына жибербей коюшкан. Ага авиабилеттердин баасынын кескин өсүшү жана түз учууга мүмкүндүк жоктугу себеп болгон", - деп түшүндүрдү дирекция.

Жамиля мекендештерине жана сынактын уюштуруучуларына колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирип, дүйнөдө абал турукташкандан кийин дагы өзүн сынап көрөрүн айтты.

Miss Grand International - 2013-жылы Таиландда негизделген эл аралык сулуулук сынагы. Бүгүнкү күндө Miss Grand International - Түштүк-Чыгыш Азия, Түштүк Америка жана Европа өлкөлөрүндөгү эң популярдуу сулуулук сынактарынын бири. Сынактын жеңүүчүсү бир нече жүз миң долларлык баалуу таштар салынган алтын таажы тагынат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8765