Жаңы дайындалган транспорт министри Ноокаттагы жолдорду бүтүрүүгө убада берди. Видео
RU

Жаңы дайындалган транспорт министри Ноокаттагы жолдорду бүтүрүүгө убада берди. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку кеңештин жыйынында Транспорт министри Тилек Текебаев депутат Жусупбек Коргонбай уулу менен кол алышып, көптөн бери бүткөрүлбөй жаткан Ноокаттын жолун 2023-жылдын аягына чейин аягына чыгарууга убада берди.

Депутат Жусупбек Коргонбай уулунун айтымында Ош облусунун Ноокат районунда жолду кеңейтебиз деп элдин үйлөрү бузулган. Жолду салуу азыркыга чейин баштала элек.

Эске салсак, парламенттин комитети кечээ, 6-октябрда транспорт министри кызматына Тилек Текебаевдин талапкерлигин жактырган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8766