Чек араны делимитациялоо, демаркациялоо боюнча кыргыз делегациясы Душанбе шаарына барды
RU

Чек араны делимитациялоо, демаркациялоо боюнча кыргыз делегациясы Душанбе шаарына барды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандын мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча делегациясы Душанбе шаарына барды. Бул тууралуу тажик маалымат каражаттары жазышат.

Согди облусунун администрациясынан сүйлөшүүлөр биргелешкен чек арадагы демаркация маселе экенин журналисттерге тастыктаган. Андагы маалыматта сүйлөшүүлөр төрт күнгө созулары жана Сүлүктү менен Кулундудагы чек ара боюнча маселе каралат деп айтылат.

  • 14-сентябрда саат 08:00дө тажик тарап Ворух анклавынын түштүк бөлүгүндө ок атуучу куралдарды жана миномётторду колдонуу менен куралдуу агрессия жасаган. Анын кесепетинен Баткен районунун Самаркандек айылы жабыркады.
  • 15-сентябрда чек арада чыңалуу уланып, бирок абал салыштырмалуу туруктуу болгон.
  • 16-сентябрда Кыргызстандын чек ара кызматы Тажикстан тараптан жаңы кол салуулар болгонун билдирген.
  • Кыргызстандын аймагын аткылоо ШКУнун саммити өтүп жаткан маалда жасалган. Саммитке Садыр Жапаров да, Эмомали Рахмон да катышкан. Алар сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшкөн.
  • 17-сентябрда Тажикстан кыргыз аймактарын аткылоосун улантты.
  • 18-сентябрда кырдаал курчуган. Жалпысынан 136 770 жаран эвакуацияланган.
  • 19-сентябрь улуттук Аза күтүү күнү деп жарыяланды.
  • 4-октябрга карата куралдуу кол салуудан 63 кыргыз жараны набыт болду – 50 аскер кызматкери жана 13 жай тургун. 206 адам, анын ичинде 13 бала жабыркаган.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8806