18 жаштагы кыз 78 жаштагы абышкага турмушка чыкты
Филиппинде 78 жаштагы киши өзүнөн 60 жаш кичүү кызга үч жыл сүйлөшүп жүргөндөн кийин үйлөнгөн. Бул тууралуу Daily Mirror кабарлады.
Рашед Мангакоп Халима Абдулла менен кечки тамактануу учурунда таанышкан.
Рашеддин жээнинин айтымында, алар акча үчүн эмес "сүйүү үчүн" баш кошушкан.
Улгайган киши мурда үйлөнгөн эмес. Жада калса сүйгөн адамы да болгон эмес деп айтылат маалыматта.
Туугандары ал өспүрүм кызды сүйүп калганын, үйлөгөнгө чейин алар үч жыл сүйлөшүп жүрүшкөнүн айтышкан.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/8820