"Эскалатордон эле жыгыла баштаган". 29 жаштагы кыргызстандык келин метродон көз жарды
RU

"Эскалатордон эле жыгыла баштаган". 29 жаштагы кыргызстандык келин метродон көз жарды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Москва шаарында, метродон, 29-жаштагы кыргызстандык келин көз жарды. Анын төрөтүн полиция кызматкерлери кабыл алышты. Мындай жаңылык россиялык "112" Telegram-каналына чыккан.

Маалыматка ылайык, бул окуя "Электрозаводская" станциясында болгон. "Полиция кызматкерлери кош бойлуу келин эскалатордон түшүп келатып эле жыгыла баштаганын байкашкан. Көрсө, толгоосу башталып калыптыр. Полиция тез жардам кызматын чакыртышкан, бирок, наристе алар келгиче эле төрөлө баштаптыр. Төрөттү улук сержант Алеся Полякова кабыл алды. Баланы дароо терможуурканга ороп коюшкан. Кечигип келген медиктер полиция кызматкерлери бардыгын туура жасашты. Эне менен бала аман-эсен, дешкен", - деп билдирүүдө жазылган.

Метродон төрөгөн келиндин аты Упол Курманова. Ал 29 жашта, Кыргызстандан келген, деген маалымат берилген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/88