Милиция кызматкерлери адашып кеткен 10 жаштагы кызга жардам беришти
RU

Милиция кызматкерлери адашып кеткен 10 жаштагы кызга жардам беришти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Милиция кызматкерлери адашып кеткен 10 жаштагы кызды үйүнө жеткиришти.

Кайгуул кызматынын басма сөз бөлуму берген маалыматка ылайык, 7-мартта болжол менен саат 01:30да Бишкектин ШИИБсине Фучика менен Рыскулов көчөлөрүнүн кесилишинде кичинекей кыз жүрөт, деген билдирүү келип түшкөн.

Айтылган жерге кыйгуул кызматы жөнөп кеткен. Алар өспүрүм кыз 2011-жылы төрөлгөндүгүн аныктап, жоголуп кетип үйүн таппай атканын билишкен.

Милиция кызматкерлери өспүрүм кыздын дарегин таап, үйүнө жеткирип коюшту.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/892