Москвада 4 жаштагы кыргызстандык бала эскалатордон жыгылды
RU

Москвада 4 жаштагы кыргызстандык бала эскалатордон жыгылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

РФтеги Кыргызстандын ыйгарым укуктуу өкүлү Гүлнара-Клара Самат Москвадагы соода борборунун бириндеги эскалатордон жыгылган баланын абалы менен таанышты. Бул тууралуу элчилик маалымдады.

Белгилүү болгондой 3-мартта, "Глобал" соода борборунда кыргызстандык бала эки кабат бийиктиктеги эскалатордон жыгылып, дароо ооруканага жеткирилген.

Элчи оорукананын нейрохирургиялык бөлүмүнүн жетекчисине кайрылып, колдон келе турган бардык чараны көрүүнү суранды.

Гүлнара-Клара Самат жабыркаган баланын туугандары менен да жолугуп, элчилик зарыл боло турган юридикалык жардам көрсөтө турганын билдирди.

Элчиликтин юристтери жабыркаган баланын үй бүлөсү менен тыгыз иштешип жатышат. Маселе ведомствонун көзөмөлүндө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/894